Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары Орусиянын Новокузнецк шаарында өткөн эл аралык мелдештен 11 медаль утушту.
14-16-февраль күндөрү Орусиянын Новокузнецк шаарында СССРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Валентин Олениктин жаркын элесине арналган Бүткүл Орусиялык эл аралык мелдеш өттү.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн балбандары 11 медаль утту. Алардын алтоо — алтын, 3 күмүш жана 2 коло.
- Балбай Дордоков (55 кг) -биринчи орун,
- Халмурат Ибрагимов (67 кг)- экинчи орун,
- Кайрат Түгөлбаев (77кг)- биринчи орун,
- Акжол Махмудов (77 кг)-экинчи орун,
- Атабек Азисбеков (87 кг)- биринчи орун,
- Үзүр Жусупбеков (97 кг)- биринчи орун
- Мурат Рамонов (130 кг) — биринчи орун,
- Дастан Кадыров (60кг)- экигнчи орун,
- Султанбек Абдуллаев (72кг)- биринчи орун,
- Ильгиз Билимов (82кг) -үчүнчү орун,
- Рустам Рахматуллаев (82кг)- үчүнчү орун.