Биз менен байланышыңыз

Венесуэла бийлиги оппозиция менен сүйлөшүүнү баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 563 | 0

Венесуэланын президенти Николас Мадуро Норвегиянын аймагына таандык Барбадос аралында оппозиция менен сүйлөшүүлөрдү баштаганын билдирди.

Анын айтымында 8-июлдагы эки тараптуу маек 5 саатка созулган. Венесуэланын тагдыры үчүн, бейпил жашоого жол ачуу максатында конструктивдүү диалог кайра уланарын белгиледи.

Маалыматка ылайык, Венесуэланын оппозиция менен бийлиги элдин тынчтыгы үчүн бир пикирге келүү максатында жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чечимине келишкен.

Буга чейин жолугушуу учурунда 6 пункт боюнча маселелер талкууланарын билдиришкен. Анда экономика, саясат, маданият, социалдык тармактар камтылган.

Кошумчалай кетсек, Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жыйынында адам укуктары боюнча маалымат берген Мишель Бачелеттин баяндамасына ылайык, соңку жарым жылда Венесуэлада Мадуронун бийлигине каршы нааразычылыктардан улам аз дегенде жети миңге жакын адам набыт болгон. Ал эми Мадуро мындай маалыматты четке какты. Баяндама оппозиция лидери Хуан Гуайдону колдоочулар тарабынан жасалгандыгын айтып, эки тарапка бирдей мамиле жасап, жалган маалыматтарды таратпоого чакырган.

Copyright © 2017 Maral FM