Биз менен байланышыңыз

Жаштар арасында Азия чемпионатында Махмудов күрөшөт

Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 534 | 0

Бүгүн Таиланддын Чонбури шаарында грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу өлкөнүн спорттук Күрөш федерациясы кабарлады.

Мелдештин биринчи күнү 5 комплект медалдар ойнотулат.

Кыргызстандык 4 балбан килем үстүнө чыгат.

55 кило салмакта Куттубек Абдыкерим уулу Иран балбаны Али Насер Нурбакши менен күч сынашат. 63 кг салмакта Нурсултан Махмудов чейрек финалда Сауд Аравиялык Хассан Салех Барнави менен кармашат.

Ал эми 77 кг салмакта Акылбек Талантбеков өзбек балбаны Дильшод Омонгелдиев менен чейрек финалда күч сынашат.

87 кг салмак категорияда чейрек финалда Азат Салидинов Ирандык Хасан Жаханбакш Форузадех Гожехбиглу менен күрөшөт.

Жаштар арасында Азия чемпионатына Кыргызстандын курамасын машыктыруучу Шухрат Ушуров жетектеп барды.

Copyright © 2017 Maral FM