Биз менен байланышыңыз

Таиландда өзгөчө кырдаал 30-июнга чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 мая 2020 | 655 | 0

Таиланддын өкмөтү өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү борбору тарабынан өзгөчө кырдаалды 30-июнга чейин узартуу сунушун жактырды. Бул тууралуу NBT билдирди.

Анда айтылгандай, өкмөт дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаалдын туруксуздугуна байланыштуу Таиландда 26-мартта киргизилген өзгөчө кырдаалды узартуу зарылдыгын белгиледи.

Ал арада министрлер кабинети Таиландда 1-июнда баштала турган чектөө чараларын жеңилдетүүнүн үчүнчү баскычын талкуулоону Коопсуздук Кеңешинин Баш катчысы Сомсак Рангситекске тапшырды.

Чектөө чараларын жеңилдетүүнүн үчүнчү баскычы ушул жуманын аягында жарыяланат.

Учурда Таиландда ооруканаларда коронавирус менен ооруган 59 бейтап дарыланып жатышат. Пандемия башталгандан бери өлкөдө 3043 адам коронавирус менен ооруп, 57 адам көз жумган.

Copyright © 2017 Maral FM