Биз менен байланышыңыз

Тайландда коронавирустан көз жумган алгачкы учур катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 656 | 0

Тайландда коронавирустан көз жумган алгачкы учур катталып, өлкөнүн 35 жаштагы жараны көз жумду. Бул тууралуу  Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министрлигине шилтеме берип, Reuters агентиги жазды.

Январдын аягында маркумдан алынган анализдин жыйынтыгы менен лихорадка жуктуруп аланы аныкталган, андан кийин февралдын башындагы алынган анализдердин жыйынтыгында коронавирус жуктурганы белгилүү болгон.

Акыркы маалыматтар боюнча Тайландда коронавирус дарты 42 адамга жукту.

Кытайда вирусту жуктургандар 80174кө жетти, ошол эле учурда 44 518 киши аталган илдеттен айыкты. Жалпы дүйнө боюнча 89 миңден ашык адам вируска кабылган.

Copyright © 2017 Maral FM