Биз менен байланышыңыз

Бишкекке Таиланддан Кыргызстандын 7 жараны келди

Кыска кабар | 2 Авг 2020 | 318 | 0

Бишкекке Таиланддан Кыргызстандын жарандары кайтып келди. Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, кайтаруу иши 2020-жылдын 1-августунда КР ТИМи Казакстан тарабы менен биргеликте жүзөгө ашырылды.

«Биздин жарандар «SCAT Airlines» казакстандык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бангкок шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен чыгарылган», — деп айтылат маалыматта.

Чет мамлекеттерде калып жаткан жана мекенине кайтып келүүнү каалап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон маршруттарды издөө, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен, иштер улантылууда.

Copyright © 2017 Maral FM