Биз менен байланышыңыз

Таиландга келген чет элдиктер 2 жумага карантинге алынат

Дүйнө , Кыска кабар | 29 Июл 2020 | 507 | 0

Таиландга кирген бардык чет элдиктер эки жумалык карантинден өтүшү керек. Бул туурулу The Thayiger билдирет.

Маалыматка ылайык, Таиланддын туризм жана спорт министри Пипат Ратчакитпракан бардык чет өлкөлүктөр 14 күнгө милдеттүү түрдө карантинге алынарын жарыялады.

Анын айтымында, бул эреже «жакын арада» колдонулат.

Министр бул сөздү Вьетнамдын Дананг шаарынан 80 миң турист эвакуациялангандыгы тууралуу кабардан кийин айтты.

Таиландда эки айдан бери Covid-19 инфекциясы катталган жок. Бирок, чет элдиктердин арасында бул оору эки жумалык карантин учурунда аныкталды.

Акыркы күндөрү дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүндө ооруга чалдыгуу көбөйдү.

Copyright © 2017 Maral FM