Биз менен байланышыңыз

Таиланд менен Камбоджадан 24 кыргызстандык Казакстан аркылуу келди

Кыска кабар | 3 мая 2020 | 510 | 0

2-майда Казакстан аркылуу 24 кыргыз жараны Таиланд менен Камбоджадан кайтып келишти. Бардык келгендер бекитилген тартипте обсервацияга көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу маалыматты Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Кыргызстандын жарандарын чет мамлекеттерден кайтаруу боюнча маселелерди ишке ашыруунун алкагында, дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышына байланыштуу жабык чек аралар шартында жана эл аралык жүргүнчү авиабилдирүүлөрдүн токтогондугунан улам Тышкы иштер министрлиги Казакстандын ТИМи менен биргеликте кызматташып, бул маселени чечүүнүн жолдорун иштеп чыкты.

Аталган жарандар коммерциялык чартердик авиакаттам аркылуу Шымкент эл аралык аэропортуна учуп келишкен. Ал жактан алар атайын унаа менен саламаттык сактоо кызматкеринин коштоосунда Бишкекке алынып келди.

Copyright © 2017 Maral FM