Биз менен байланышыңыз

Таиландда өзгөчө кырдаал режими күзгө чейин узартылды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Июл 2020 | 507 | 0

Таиланд бийлиги өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды август айынын аягына чейин узартууну чечти.

Апрель айында Таиландда коронавирустун жайылышын камтыган өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Анын алкагында премьер-министр Прают Чан-Оча адамдарга үйлөрүнөн чыгып кетүүгө, массалык митингдерди өткөрүүгө жана коомдук транспортторду колдонууга тыюу салышы мүмкүн.

Ошондой эле, Прают Чан-Оча басма сөзгө дүрбөлөңгө же жалпы элдик толкундоолорго алып келүүчү мазмундагы маалыматтарды жарыялоого тыюу сала алат.

Таиландда башка өлкөлөргө салыштырмалуу COVID-19 учурлары салыштырмалуу аз болгону айтылат.

Пандемия башталгандан бери ал жерде 3 миңден ашык адам ооруп, 58 бейтап көз жумган. Май айынын башынан бери, сейрек учурларды эске албаганда, күнүнө жаңы учурлардын саны 10дон ашпайт.

«Биз үчүн бул режимди колдоо дагы деле маанилүү, анткени өлкөбүз экономиканы жандандыруучу бизнес жолугушууларды жана туризмди ачып жатат», — деди Таиланддын Улуттук коопсуздук кеңешинин башкы катчысы Сомсак Рунгсита.

Өзгөчө кырдаал мыйзамы саясий жыйындарды чектебейт, комитет өлкөдөгү карантинди жеңилдетет деген чечим чыгарды.

Copyright © 2017 Maral FM