Биз менен байланышыңыз

«Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 668 | 0

Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдында «Укук» жана «Соцсервис» мамлекеттик ишканалары түзүлдү. Тийиштүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Бул чечим санариптик трансформация боюнча коюлган тапшырмаларды аткаруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү максатында кабыл алынды.

«Укук» мамлекеттик ишканасы сот, прокуратура, укук коргоо органдары, Жогорку Кеңеш, жергиликтүү кеңеш, миграция, коргонуу, өзгөчө кырдаалдар, жазык-аткаруу, чек ара, радиациялык жана өрт коопсуздугу тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык коштоосун камсыз кылат.

«Соцсервис» мамлекеттик ишканасы саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим, маданият, спорт, социалдык камсыздандыруу, мамлекеттик жөлөк пул, жеңилдиктер жана пенсия тармагында иштеген мекемелер үчүн маалыматтык системаларды иштеп чыгып, алардын үзгүлтүксүз иштешин жана техникалык колдоосун камсыз кылат.

Copyright © 2017 Maral FM