Биз менен байланышыңыз

Жазаларды аткаруу кызматы жарым жылда 60 кылмыш ишин каттады

Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 577 | 0

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү ушул жылдын I жарым жылдыгында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине 60 кылмыш ишин каттады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Алардын:

-53ү Жаза аткаруу жайларына тыюу салынган заттарды өткөрүп берүү фактысы;

-4ү Жаза аткаруу жайларында наркотик каражаттарды же психотроптук заттарды, алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо фактысы;

-2өөсү ден соолукка жеңил зыян келтирүү фактысы;

— 1и башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү фактысы;

Учурда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан 40 иш боюнча иликтөө иштери аяктап, тиешелүү аймактык сот органдарына өткөрүлүп берилди.  Алардын ичинен 29 кылмыш күнөөлүү деп табылып, 625 миң сом суммасында айып пул салынды.

Copyright © 2017 Maral FM