Биз менен байланышыңыз

Германиянын эң ири банкы кызматкерлерин 18 миңге кыскартат

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 1077 | 0

Германиядагы эң ири банктардын бири Deutsche Bank кызматкерлерин кыскартарын билдирди.

Маалыматка ылайык, банк 2022-жылга чейин 18 миң кызматкерди иштен четтетүүнү мерчемдөөдө. Мындай кыскартуудан соң, жалпы 74 миң кызматкер калат. Ошондой эле, банк 6 миллиард евродон 17 миллиард еврого чейин үнөмдөйт.

1870-жылы түзүлгөн, Германиядагы кызматкерлеринин саны жана активдеринин суммасы эң көп болгон Deutsche Bank’тын 76 өлкөдө филиалы бар.

Аталган банкта акыркы убактарда ири чыгаша көп болуп жатканын серепчилер айтып келишет.

Copyright © 2017 Maral FM