Биз менен байланышыңыз

Венесуэланын оппозициясы бийлик менен сүйлөшүүгө даяр

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июл 2019 | 451 | 0

Венесуэла оппозициясы бийлик менен сүйлөшүүгө арыз жазган. Мунун негизинде Европа Биримдигинин Венесуэладагы өкүлү Энрике Иглесиас менен Каракаста жолугат. Бул тууралуу оппозиция лидери Хуан Гуайдо Твиттердеги баракчасына жазды.

Венесуэлада жыл башынан бери кош бийлик өкүм сүрүүдө. Өзүн утурумдук президент деп жарыялап алган оппозиция лидери Хуан Гуайдону АКШ баш болгон 50дөн ашуун мамлекет колдосо, азыркы президент Николас Мадурону Орусия, Кытай, Түркия сыяктуу чоң өлкөлөр колдоп келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) билдирүүсүнө ылайык, соңку жарым жылда Венесуэлада кош бийликтин тирешинен аз дегенде жети миңге жакын адам набыт болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM