Биз менен байланышыңыз

Гонконгдо нааразылык акциясы кайрадан жанданды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 437 | 0

Бүгүн, 7-июлда он миңдеген активисттер кайрадан экстрадициялоо мыйзамына каршы нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, активисттер кытай туристтери көп жайгашкан Чимсачёй (Цим-Ша-Цуй) районунда чогулушууда. Бул аймакта Гонконгду Кытай чек арасы менен кошуп туруучу Батыш Коулун темир жол станциясы орун алган.

Акциянын катышуучулары туристтерге Гонконгдогу нааразылык кыймылынын жүрүшү тууралуу маалымат камтылган гезит жана баракчаларды таркатышууда. Бул аракет Кытайларга цензурадан улам жүрүш тууралуу маалымат жеткиликтүү эместиги менен түшүндүрүлгөн.

Акыркы убактарда Гонконг эли экстрадициялоо мыйзамына киргизилген түзөтүүлөргө каршылык кылып, байма-бай митингдерге чыгып келет. Мыйзамдагы түзөтүүгө ылайык, Гонконг бийлиги кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүүгө макулдашкан. Жалпы каршылыктан соң бийлик бул мыйзамды кабыл алууну белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Copyright © 2017 Maral FM