Биз менен байланышыңыз

Ооганстан: 36 бала жабыркаган жардырууга «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 490 | 0

Ооганстандын Газни шаарындагы жардыруудан жабыркагандардын саны 179га жетти. Жардырууну «Талибан» радикалдык кыймылы жоопкерчилигине алды.

Жабырлануучулардын көпчүлүгү жай тургундар, 36сы мектеп окуучулары. Алар учурда ооруканага жеткирилди.

Маалыматка ылайык, жардыруучу зат орнотулган жүк ташуучу унаа Ооганстандын Улуттук коопсуздук башкармалыгынын имаратынын алдында жарылган.

Буга чейин, каза болгондор 12, жабыркагандар 40 деп маалымдалган.

Ооганстан президентинин маалымат-катчысы Ашрафа Гани Садик Садикки талибдердин чабуулун сындап, теракт деп атады. Ошондой эле, бул аракет адамзатка каршы кылмыш экенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM