Биз менен байланышыңыз

Иран тыюуларга карабай уранды байытуусун баштайт

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 455 | 0

Иран 7-июлдан баштап уранды каалагандай байытууну баштайт, анын көлөмү 5 пайызга чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-июлда Ирандын Тышкы иштер министринин орун басары Аббас Арагчи билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Аббас Арагчинин айтымында, бул көрүнүш Европа жана АКШ өлкөлөрү өзөктүк келишимди таанымайынча улана берет.

Белгилей кетсек, буга чейин, 3-июлда Ирандын президенти Хасан Рухани эгерде АКШ өзөктүк келишимди тааныбаса, 7-июлдан баштап Иран каалаган деңгээлде уранды кымбаттатарын маалымдаган болчу. Ошондой эле, Рухани АКШ Тегеранга болгон санкциялык басымды азайтпаса, Арак шаарындагы реактордун ишин козгоорун кошумчалаган. Реактор 2015-жылы Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишим түзүлгөндөн кийин жабылган.

Ал эми АКШнын президенти Дональд Трамп ага жооп кылып, Ирандын бийлигине «уранды кымбаттатам» деген коркутуу учурунда абай болуусун, айткандары «өз башына муш болуп» калуусу толук ыктымал экенин эскерткен.

АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.

Copyright © 2017 Maral FM