Биз менен байланышыңыз

Sabah: Түркияга каршы санкцияларга Трамп аргаcыздан кол коёт

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2019 | 651 | 0

АКШ конгрессинде түрктөргө каршы маанай жаралып, өздөрүнн алгачкы кадамдарын жасашты. 29-сентябрдагы Түркияга каршы санкция киргизүү боюнча мыйзам долбоору конгресстин өкүлдөр палатасынан өтүп, бир добуш менен эң жогорку колдоого ээ болгон.

Бул туралуу Түркиянын Sabah басылмасы жазып басылмасы жазып чыкты.

Ал эми шаршемби күнү Сенаттагы эл аралык мамилелер боюнча комитет санкциялар тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды. Жакынкы күндөрү мыйзам долбоору кол коюу үчүн Трамптын үстөлүнө коюлары күтүлүүдө.

Эгерде мыйзам долбоору Сенаттын күн тартибине коюлса, көпчүлүктүн добушу менен колдоого ээ болуп, президенттин буга вето коюшуна жолтоо болот.

“Американын каршылаштарына санкциялар аркылуу аракет кылуу” мыйзамынын алкагында Трамп жок эле дегенде Түркияга каршы коюлуп жаткан он эки санкциянын бешөөнө кол койгонго аргасыз болот.

Copyright © 2017 Maral FM