Биз менен байланышыңыз

Оштун жаш футболчулары Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде 3-орунду ээлешти

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 393 | 0

Ош шаарынын жаш футболчулары Өзбекстанда өткөн эл аралык турнирде 3-орунду багындырышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин маалымат кызматы билдирди.

2-июлдан 7-июлга чейин Өзбекстандын Наманган шаарында өткөн футбол боюнча «UMID CUP» эл аралык турниринде Ош шаарынын командасы 3-орунду ээледи.

Турнирге 2005-2006-жылкы жаш футболчулардан куралган 10 команда катышты.

Машыктыруучу Учкун Абдыжапаров жетектеген Ош шаарынын командасы өзүнүн тайпасында «Баркамол» командасы менен тен чыгып, Бекабад жана Кокондун командаларын уткан. Жыйынтыгында Оштун командасы 3-орунга ээ болду.

Copyright © 2017 Maral FM