Биз менен байланышыңыз

Сууга агып кетүүнүн алдын алуу иш-чаралары жүрүүдө

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 844 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Ата, Сокулук жана Аламүдүн райондук бөлүмдөрү зымдан атайын кармагычтарды жана торлорду жасап, Чоң Чүй Каналына жана аймактардагы дарыяларга, каналдарга орнотуп жатышат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн Чоң Чүй каналынын калктуу конуштар жайгашкан аймагынын 6 жерине, дарыялардын 2 жерине жана тез агуучу каналдын 1 жерине атайын кармагычтарды жана торлорду орнотушту. Мындагы максат: адам сууга түшүп кетсе, атайын кармагычтарды кармап, кайра чыгып кетүүсүн оңойлотуу дешет аталган аймактын куткаруу адистери.

Кооптуу жерлерге торлорду жана кармагычтарды орнотуу иштери дагы улантылат.

Copyright © 2017 Maral FM