Биз менен байланышыңыз

Алматы-Бишкек жолунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 538 | 0

Өлүмгө алып келген жол кырсыгы Алматы – Бишкек трассасынын 36-километринде катталды. Бул тууралуу Zakon.kz басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, караңгыда батышты карай багыт алган Хонда Одиссей унаасы 1996-жылы туулган жигитти коюп кеткен.

Айдоочу жолдун сол тарабында саатына 70-75 километр ылдамдыкта баратканын, чоң жолдогу жарыктын жоктугунан капилет чыга калган жигитти кеч байкап, унаасын токтотууга үлгүрбөй калганын айтат.

Ал эми, унаа соккусунан 10 метрдей жерге ыргып кеткен жигит дарыгерлер келгенче жан берген.

Учурда Алматы облустук Ички иштер башкармалыгы жол кырсыгынын чоо-жайын териштирип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM