Биз менен байланышыңыз

Евробиримдик Кыргызстанга 35,76 миллион евро бөлөт

Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 464 | 0

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини эки макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаменти билдирди.

Атап айтканда, Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө жаңы макулдашуу парафирлөөдөн өттү. Бул документ тараптардын ортосундагы кызматташтыкты комплекстүү өнүктүрүүгө багытталып, өз ара аракеттенүүнүн жаңыртылган укуктук негизин түзөт. Документ даярдоо 2017-жылдан бери жүргүзүлүп келген.

Мындан тышкары, билим берүү программасы боюнча каржылык макулдашууга кол коюлду. Мунун негизинде Евробиримдик 2019-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанга 35,76 млн евро бөлөт. Бул жардам билим берүү секторундагы түзүмдүк реформаларды жүргүзүү үчүн Кыргыз Өкмөтүн колдоого багытталган.

Ошондой эле, Евробиримдиктин КРдагы шайлоо системасын, сот системасын жана укук коргоо органдарын реформалоо, билим берүүнү, санариптештирүүнү, суу ресурстары тармагын колдоо боюнча программаларын ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Муну менен катар, 2021-2027-жылдарга узак мөөнөттүү жаңы индикативдүү программаны иштеп чыгуу маселеси талкууланды. Мындан улам, күз айынан тарта Евробиримдик менен тиешелүү кеңеш берүүлөрдүн башталышы мерчемделүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM