Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Бишкекте жолугушту

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 510 | 0

Бүгүн өлкөнүн Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаменти кабарлады.

Жолугушууда кыргыз-өзбек аралык саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы кызматташтык жана чек ара маселеси талкууланды. Ошондой эле, ушул жылга мерчемделген  эки тараптуу иш-чараларды уюштуруп, өткөрүү боюнча сүйлөшүү жүрдү

Тараптар мамлекет башчыларынын деңгээлинде мындан мурда жетишилген макулдашуулардын ишке ашырылышын да карап чыгышты. Министрлер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде өз ара пайдалуу мамилелерди андан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш алып барууга бекем ниетин билдиришти.

Абдулазиз Камилов Кыргызстанга ЕС-БА Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна катышуу үчүн келди.

Copyright © 2017 Maral FM