Биз менен байланышыңыз

Бүгүн маркум Молдакун Абдылдаев жерге берилет

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 554 | 0

Бүгүн Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, маркум Молдакун Абдылдаев жерге берилет.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда (Оберон жана Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде) өтөт. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.

30-июнда Чүйдүн Жайыл районундагы Көкөмерен суусуна айдоочусу, жүргүнчүлөрү менен кошо автоунаа түшүп кеткени кабарланган.

Алар Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылган.

2-июнда кечинде Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылына жакын жерден унаанын айдоочусунун жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылган.

Молдакун Абдылдаев 1960-жылы 22-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.

Совхоздо улук дарыгер кызматынан баштап, бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.

2014-2018-жылдары Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. 2018-жылдан бери Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.

Copyright © 2017 Maral FM