Бүгүн Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси, маркум Молдакун Абдылдаев жерге берилет.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 10:00дө Бишкек шаарынын Кара-Жыгач жаӊы конушунда (Оберон жана Л. Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде) өтөт. Бул тууралуу анын жакындары кабарлады.
30-июнда Чүйдүн Жайыл районундагы Көкөмерен суусуна айдоочусу, жүргүнчүлөрү менен кошо автоунаа түшүп кеткени кабарланган.
Алар Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев жана анын үй-бүлөсү экени айтылган.
2-июнда кечинде Нарын облусунун Жумгал районундагы Арал айылына жакын жерден унаанын айдоочусунун жана Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаевдин сөөгү табылган.
Молдакун Абдылдаев 1960-жылы 22-августта Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.
Совхоздо улук дарыгер кызматынан баштап, бир катар мамлекеттик кызматтарда эмгектенген.
2014-2018-жылдары Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган. 2018-жылдан бери Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.