Биз менен байланышыңыз

Казакстан: 6-июлда митингге чыккандар жазаланат

Кыска кабар | 6 Июл 2019 | 529 | 0

Казакстан Башкы прокурорунун орун басары Болат Дембаев жарандарды бүгүн, 6-июлда митингге чыкпоого чакырды. Бул тууралуу centralasian.org жазды.

Маалыматка ылайык, Дембаев социалдык түйүндөрдө 6-июлда мыйзамсыз митинг уюштуруу чакырыктары жаңырып жатканын айткан. Ал бул аракеттерди коомдук тартипти жана коопсуздукту бузуу деп атаган.

Дембаев 6-июлда мыйзамсыз иш-аракеттер болсо, полиция чара көрөрүн эскертти.

Казакстанда экстремисттик деп таанылган «Казакстандын демократиялык тандоосу» уюмунун жетекчиси, бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов социалдык түйүндөр аркылуу 6-июль — борбор калаа Нур-Султандын жана Назарбаевдин туулган күнүндө казакстандыктарды митингге чыгууга үндөгөн.

Казакстанда президенттик шайлоого байланыштуу 9-10-июндагы митингдерге катышкан деген жүйө менен Нур-Султанда жана Алматыда болжол менен миңге чукул адам кармалган. Алардын айрымдары камалып, айрымдарына айып пул салынган.

Copyright © 2017 Maral FM