Биз менен байланышыңыз

Амстердам «Евровидение-2020» фестивалын өткөрүүдөн баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 443 | 0

Нидерландиянын борбору Амстердам «Евровидение-2020» эл аралык фестивалын өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Амстердамдын мэри Фемке Халсема маалымдады.

Анын айтымына караганда, сынакты өткөрүү мерчемделген «Ziggo Dome» концерттик залы ал күнү бошобойт. Ага чейин белгиленип калган иш-чараны жылдырууга мүмкүн эмес. Ошондой эле, башка жай издөөгө аракет кылышып, бирок таба алышпай койгон.

Амстердам «Евровидениени» өткөрүү укугуна 18-майда Тель-Авивде өткөн сынакта ээ болгон. Анда нидерландык ырчы Дункан Лоуренс жеңишке жетишкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM