Биз менен байланышыңыз

Амстердамда кармалган орус журналисти бошотулду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 603 | 0

Амстердамдын аэропортунда кармалган орусиялык «Новая газета» басылмасынын журналисти Елена Милашина менен «Мемориал» укук коргоо уюмунун кызматчысы Милан Бахаев бошотулду. Бул тууралуу Риа новости жазды.

Маалыматка ылайык, полиция аларды бир нече саат кармаган соң, кечирим сурап, коё беришкен. Орусиялыктар андан ары өз иштери боюнча жолун улашкан.

Буга чейин журналист менен укук коргоочунун кармалганы тууралуу Орусиянын Нидерландыдагы элчилиги кабарлаган болчу.

Басылманын айтымында алар Амстердамда сириялык качкындар маселесин талкуулаган укук коргоочулардын форумуна барышкан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM