Биз менен байланышыңыз

Амстердамдагы аэропортто 2 учак кагылышты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июл 2019 | 486 | 0

Амстердамдагы Сипхол аэропортунда эки учак кагышты. Бул тууралуу Европалык басылмалар жазды.

Кагылыш аба лайнерлери асманга көтөрүлүүгө аракет кылып жаткан кезде болгон. Кырсыкка кабылган учактардын бири — «KLM» авиакомпаниясына таандык «Boeing-737-800» учагы Мадридге учуу алдында турган. Кагылыштан соң, жүргүнчүлөрдү башка учакка которууга туура келген. Экинчи «Airbus A-320» учагы Лондонго жөнөп кеткен.

Кырсыктан олуттуу жаракат алгандар катталган эмес. Анын себеби катары аэропорттогу жумушчулардын иш графиги туура келбегендигинен келип чыкканы айтылууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM