Биз менен байланышыңыз

Алматы аэропорту түркиялык компанияга сатылды

Кыска кабар | 8 мая 2020 | 1137 | 0

Түркиялык TAV Airports Holding ишканасы Казакстандын Алматы шаарындагы эл аралык аба майдандын 100% акциясын сатып алды. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазып чыкты. Анда аба майдандын жалпы баасы 415 млн. АКШ долларын түзгөнү айтылат.

“Казакстан бул аймакта географиялык жана экономикалык жактан ири өлкө болуп саналат. Алматы – өлкөнүн ички дүң өндүрүмүнүн 20 пайызын түзгөн ири шаар. Андан тышкары Кытай, Европа жана Африканы байланыштырган заманбап Жибек жолунун борбору. Бул жердин мыкты потенциалы бар, биз аны дагы да жакшыртканга аракет кылабыз», − деп айтты холдингдин башкы директору Сани Шенер.

Казакстандын жарандык авиация комитети кожоюндун алмашышы кызмат көрсөтүүнүн баасына таасирин тийгизбей турганын белгиледи.

Аба майдандагы терминалдарды көбөйтүү үчүн 270 миллиард теңге коротулары да белгилүү  болду.

TAV Airports Holding компаниясы 1997-жылы түзүлгөн. Стамбул шаарындагы Ататүрк аэропортун, Анкарадагы Эсенбога, Измир шаарындагы Аднан Мендерес, Анталиядагы Газипаша, Бодрумдагы Милас эл аралык терминалдарын башкарып келет.

Түркиядагы аба майдандардан сырткары Тблисидеги Батуми, Тунистеги Монастир, Сауд Аравиясындагы Медина, Хорватиядагы Загреба аэропортторун башкаруу иши ушул компанияга карайт.

2018-жылы компания жалпысынан 152 млн жургүнчүнү ташып, жүргүзгөн рейстеринин саны 1 миллионго жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM