Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Алматыда «муз тоо» пайда болду

Алматы облусунун Кеген районундагы «Муз тоо» дүйнөлүк маалымат каражаттарынын көңүлүн бурду.

Казакстанда 45 метр бийиктиктеги укмуштуудай «муз тоо» пайда болду. Мындай көрүнүш жыл сайын бир мезгилде пайда болуп турат. Бул жер астындагы суулардын жылуу абадан атылып чыгып, жер үстүндөгү муздак абага чыкканда үйөрлөп, тоңуп калганынан улам пайда болушу мүмкүн деп божомолдонот. Жай мезгилинде бул жерди көк шибер, түркүн гүл курчап турат.

Эске салсак, казактар «айсберг» деп атап алышкан «муз тоо» Алматы облусунун Кеген районундагы Кеген жана Шырганак айылдарынын ортосунда жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM