Биз менен байланышыңыз

Сауд Арабия ажылык сапары үчүн кошумча 500 квота бөлдү

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 623 | 0

Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга ажылык сапары үчүн кошумча 500 квота бөлдү. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

Квота Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын суранычы менен жүзөгө ашырылып, Улуттук статистика комитетинин берген маалыматынын негизинде аймактардагы калктын санына жараша Ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб тарабынан бөлүштүрүлдү.

2019-жылы 500 доллар төлөп, ажылыкка баруу үчүн каттоого алынып, бирок кезек күтүп турган жарандар эми аймактык кезек боюнча ажыга барууга мүмкүнчүлүк алышып, эсептөөдө көрсөтүлгөн 3000 доллардын калган 2500 долларын РСК банкына ушул жылдын 8-июлуна чейин төлөшү зарыл.

Эскерте кетсек, буга чейин Сауд Араб Падышачылыгы Кыргызстанга 5510 квота бөлгөн. Эми жалпы келген квотанын саны 6010ду түздү.

Copyright © 2017 Maral FM