Биз менен байланышыңыз

Башка жарандын паспорту менен чек арадан чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 475 | 0

Бүгүн, 5-июнда «Чалдыбар-Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен өлкөдөн башка жарандын паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылган Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

1982-жылы туулган М.М. аттуу Кыргызстандын жараны чек арада 1988-жылы туулган М.И. аттуу Кыргызстандын жаранынын ID-card паспортун көрсөткөн.

Чек ара кызматкерлери кармалган жаран менен паспорттогу сүрөттүн дал келбестигин аныкташкан.

Кийин аталган жарандын Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынгандыктан, башка жарандын паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

Шектүү кармалып, тийиштүү документтер толтурулуп, Улуттук коопсуздук комитетинин аймактагы бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM