Биз менен байланышыңыз

6-июлга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 534 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 6-июлда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында күн ачык болот, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында кыска мөөнөтүү жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 15….20… күндүз: 28… 33 °C;

Талас облусунда

түнкүсүн: 11….16….күндүз: 28…..33°C;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 15…20….күндүз: 30……35°C;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 10…..15….күндүз: 22……27°C;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 8….13…..күндүз: 22….27°C;

6-июлда Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 32……34°C, түнкүсүн 17 … 19 °C

Copyright © 2017 Maral FM