Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкек-Шаржа аба каттамы боюнча алгачкы учак келет

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Июл 2019 | 629 | 0

Бүгүн, 5-июлда Бишкек-Шаржа аба каттамы боюнча алгачкы учак келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек-Шаржа аба каттамы боюнча учак жумасына бир жолу учуп турат. Ал Кыргызстанга Бириккен Араб Эмираттарынан көбүрөөк туристтердин келишине өбөлгө түзөт.

Жаманкулов мындан сырткары, жайкы туризмди өнүктүрүү багытында Ысык-Көлгө Орусия, Өзбекстандан түз аба каттамдары ачылып, ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM