Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: Баткен — менин жүрөгүмдүн төрүндө

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 86 | 0

«Кыргызстанбыздын ар бир облусу, ар бир аймагы, ар бир айылы үчүн күйөм. Бирок баткендиктер өзгөчө жүрөгүмдүн төрүндөсүңөр», — деди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда Баткен шаарынын жашоочулары менен болгон жолугушуусунда.

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө аталган аймакта маселелер көп экендигин айтып, өлкөдө тынчтык болсо, анын баары чечиле турганын жана өзү баш болуп бардык мүмкүнчүлүктү аймактарды өнүктүрүүгө, турмушту жакшыртууга жумшап жатканын, дагы да жумшала бере турганын белгиледи.

Ал беш кол тең эмес экендигин айтып, баары каалагандай иштебей, ишине, элине берилбегенине токтолуп, биригүү менен аймактарды өнүктүрө турганын билдирди.

Өлкө башчы сөзүн: «Баткен менин жүрөгүмдө экенин унутпаңыздар», — деген кайрылуусу менен аяктады.

Copyright © 2017 Maral FM