Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Жашыл чарба глобалдык институтуна кошулат

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 580 | 0

Өкмөт «Жашыл чарба глобалдык институтун уюштуруу боюнча макулдашууга» кошулуу чечимин кабыл алды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен Рио-де-Жанейро шаарында 2012-жылдын 20-июнунда кол коюлган «Жашыл чарба глобалдык институтун уюштуруу жөнүндө макулдашууга» Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамы жана  Өкмөттүн токтом долбоору Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген.

Жашыл чарба глобалдык институтунун штаб-квартирасы Сеул шаарында жайгашкан. Бириккен Улуттар Уюмунун мурунку баш катчысы Пан Ги Мун уюмдун Кеңешинин төрагасы болуп саналат.

Акыркы эки жыл ичинде институт ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өлкөлөрдө 1 млрд доллардан ашуун инвестицияларды иштетүүгө жардам көрсөткөн.

Азыркы учурда 28 өлкө Жашыл чарба глобалдык институтун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялаган. Европа Биримдиги жана дагы 18 мамлекет Глобалдык институтка кошулуу ниетин формалдуу билдирүү менен башкы директорго кат жөнөтүшкөн. Институт дагы 27 өлкө жана аймактык интеграциялык уюмдар, анын ичинде Казакстан, Орусия жана Түркмөнстан менен макулдашууну баштады.

Азыркы учурда 2019-2023-жылдарга жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасын иштеп чыгуу жана макулдашуу жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM