Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри дарыгерлерге 100 миң сом бөлдү

Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 550 | 0

Ош шаарында медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу азем болуп өттү. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов медицина кызматкерлерин куттуктап, медицинанын ардагерлерине, алдыңкыңкыларына жана жаш дарыгерлерге сыйлык тапшырды. Шаардагы оорукананын жетекчилерине акчалай колдоо көрсөтүп, 100 миң сом бөлүп берди.

Калаа башчысы шаардагы ооруканаларга жергиликтүү бюджеттин эсебинен көрсөтүлүп жаткан жардамдарга токтолуп, ар тараптуу колдоо иштери уланарын билдирди.

«Сиздердин кесип — сыймыктуу жана ардактуу. Кыргызстандын башкы байлыгы эл болсо, ал эми элдин саламаттыгын сактоо сиздердин негизги милдетиңиздер», — деди Сарыбашов.

Сарыбашов мындан сырткары, шаардагы аткарылган бардык иштер элдин саламаттыгы, ден соолугу үчүн болуп жатканын айтып, ак халатчан дарыгерлердин кылган эмгегин баалап, майрамы менен куттуктады.

Copyright © 2017 Maral FM