Биз менен байланышыңыз

Монголия Өкмөтү тирүү малды сыртка ташууга тыюу салды

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Июл 2019 | 595 | 0

Монголия Өкмөтү малды сыртка ташууга тыюу салды.

Монголия Өкмөтү өлкөдө мал жандыктарды сыртка ташууга тыюу салып, этти кайра иштетүүчү ишканаларынын ишин жандандыруу планын койду.

Бул тууралуу ARD маалымат порталы жазып чыкты.

«Мурдагы Өкмөттөрдүн этти экспорттоо боюнча чечимдери жокко чыгарылды», — деп айтылат Өкмөттүн билдирүүсүндө.

Монголиянын азык-түлүк, айыл чарба жана жеңил өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча 2018-жылы өлкөдө 66,4 млн баш мал катталган.

Министр Чултэмийн Улаандын айтымында, 2018-жылы этти экспорттоодон түшкөн киреше 190 млн долларга жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM