Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Лукашенкону Беларусиянын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 540 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Беларус президенти Александр Лукашенкону Беларус Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчы Лукашенконун жетекчилиги астында Беларуста мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана элдин бакубатчылыгын жогорулатууга багытталган маанилүү социалдык-экономикалык реформалар жүргүзүлгөнүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы эки тараптуу форматтагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ алкагында көп тараптуу мындан аркы өз ара аракеттешүүгө өзгөчө маани берет. Биздин өлкөлөр жана элдер ортосундагы ири потенциалды ишке ашыруу үчүн ишенимдүү жана конструктивдүү алакалар негиз болоруна ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.

Сооронбай Жээнбеков Александр Лукашенкого чың ден соолук, бакты-таалай жана бакубатчылык, ал эми жалпы Беларус элине тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Copyright © 2017 Maral FM