Биз менен байланышыңыз

Иркутск: 14 айыл жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 443 | 0

Иркутск облусундагы Приангарья пунктунда 8400 тургуну бар 14 айыл жарыксыз калууда. Бул тууралуу аталган облустун жетекчилиги билдирди. Ошондой эле, 46 аймактагы электр түйүндөрү оңдолгонун айтты.

Өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген Иркутск облусунда дагы 31 айылдык пункттун 3400 үйү суу астында калган. Акыркы маалыматтар боюнча, 18 адам каза болуп, 8 адам дайынсыз жоголгон.

Белгилей кетсек, Иркутск облусунда катуу жаандан улам Ангара өзөнүнөн суу ташып, 27-июнда аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул абал бир жумага созулган. Куткаруу кызматы учурда суунун деңгээли төмөндөгөнүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM