Биз менен байланышыңыз

Жусуматов: Ички чарбалык эсептеги каналдар боюнча көйгөйлөр бар

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июл 2019 | 539 | 0

Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов «Марал» радиосуна берген маегинде ички чарбалык эсептеги каналдар боюнча көйгөйлөр бар экенин билдирди.

Анын айтымында, Суу пайдалануучулар ассоциациялары (СПА) өз карамагындагы каналдарды оңдоп-түзөөдөн өткөрбөй жатышат.

Бүткүл дүйнөлүк банктын каражатын эске алуу менен ички чарбалык эсептеги каналдарды реабилитациялоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

«Айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору иштеп жатат. Анын гранттык суммасы 38 млн долларды түзөт. Учурда объектилерди тандоо иштерине анализдер жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, 2017-2026-жылга чейин ирригациялык тармактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа кабыл алынган. Учурда каражаттын тартыштыгы бар. Алсак, чакан суу сактагыч куруу 120 млн сомдун тегерегин түзөт», — дейт Жусуматов.

Ал мындан сырткары, сугат аянтына келген суунун көлөмүн эсептөөдө боюнча да маалымат берди.

«Мамлекеттик ири канал менен ички чарбалык эсептеги канал кошулган жерде гидропост бар. Ал жерден адистер суунун көлөмүн ченешет. Андан ары сууну СПАнын мураптары дыйкандардын катышуусу менен бөлүп кетет», — дейт Жусуматов.

 

Copyright © 2017 Maral FM