Биз менен байланышыңыз

Жусуматов: Өзбекстанга суу сатылбайт

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июл 2019 | 527 | 0

Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов «Марал» радиосуна берген маегинде Өзбекстанга суу сатылбай турганын билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосунда суу баланстары бар.

«Биз канча суу берсек, алардан да ошончо суу алып, балансты сактап турабыз. Ал эми 1998-жылдан бери казактарга суу берген объектилерибиз бар. Казакстан суу берүүгө жасаган кызматыбызга жана сууну пайдаланганына жараша жыл сайын калыбына келтирүү иштерине каражат бөлөт. Алсак, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 119 млн теңгеге калыбына келтирүү жумуштарын аткарышты», — дейт Жусуматов.

Ал белгилегендей, Орто-Токой суу сактагычы учурда штаттык режимде иштеп жатат. Ал Кыргызстандын менчигинде. Суу сактагычта топтолгон 475 куб метр суу дыйкандарга берилүүдө.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын карамагында турат. Кыргыз тарап СССР убагында кол коюлган келишимдин негизинде суу алып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM