Биз менен байланышыңыз

«Айыл өкмөттөрдө чарбалык сууну пайдалануу жоопкерчилиги күчөтүлөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июл 2019 | 699 | 0

Учурда Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын иштерин жандантуу боюнча документтер даярдалууда. Айыл өкмөттөрдүн ички чарбалык эсептеги сууну пайдалануу боюнча жоопкерчилигин жогорулатууда максатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү иштери жүрүп жатат. Ал үчүн өкмөттүн чечими менен атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул тууралуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын (СПА) карамагында суу чарба объектилери бар. Аталган биримдик  дыйкандардын сууга болгон талаптарын аткарат. СПА менен райондук суу чарба башкармалары жыл башында айыл чарба өсүмдүктөрүнө керектелүүчү суунун көлөмү боюнча келишим түзөт. Анын негизинде график түзүлүп, суу бөлүштүрүлөт.

«Райондук суу чарба башкармалыгы СПАнын талаптарын аткара албай калса жооп берет. Жерлер климаттык шартына жараша экиге бөлүнөт. Шарты оор жерлерде 1 куб суу I, IV кварталда 0.2 тыйындан, калган эки кварталда 1 тыйындан эсетелет. Бул көрсөткүч климаты жакшы аймактарда 1 жана 3 тыйындан каралган», — дейт Жусуматов.

Ал кошумчалагандай, СПАнын карамагындагы каналдар биримдиктин менчиги болуп саналат. Мындан улам, СПАларга мамлекеттен каражат бөлүнбөйт. Биримдик сууга коюлган тарифтен түшкөн каражаттын эсебинен суу объектилерин оңдоп-түзөөдөн өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM