Биз менен байланышыңыз

Жусуматов: Булактардан келген суунун көлөмү аз

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Июл 2019 | 605 | 0

Өткөн жылдарга салыштырмалуу булактардан суу аз келүүдө. Алсак, Чүй боорунда суунун келиши былтыркы жылга салыштырмалуу 40%га чейин төмөндөгөн. Бул дыйкандарга берилүүчү суунун көлөмүнө таасир этет. Бирок куурап калган жерлер жок. Бул тууралуу Суу чарба жана мелиорация департаментинин директорунун орун басары Эсен Жусуматов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, канал, арык, суу сактагычтар СССР мезгилинде курулган. Ал убакта айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түзүмү башкача болгон. Мисалы, Ысык-Ата, Сокулук райондорунун негизги зоналарындагы каналдардын 30 %ы дан эгиндерин, ал эми 40%ы бакча өсүмдүктөрүн, калганы чөп сугаруу үчүн курулган.

Бирок, акыркы жылдары дыйкандар көбүрөөк киреше алуу максатында сууну көп талап кылган жашылча-жемиштерди арбын айдап жатышат.

«Биздин адистер жер-жерлерде ар бир каналды бойлоп, ири суу сактагычтардан, тоо тараптан келген суулардын көлөмүн эсептеп, туура пайдалануу багытында иштеп жатышат. Түнкү сугаттарды уюштуруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат», — дейт Жусуматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM