Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда төрт ири канал курулууда

Кыска кабар | 8 Фев 2021 | 1229 | 0

Баткен облусунда 4 чоң каналдын курулушу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 7,3 чакырым болгон Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагындагы Молдо Нияз каналынын жалпы сметалык баасы 280 млн сомду түздү. Бүгүнкү күнгө карай 224 млн сомдук курулуш иштери аткарылды. Учурда 538 метр тоннель казылып, бетондоо иштери жасалууда. Аталган сугат каналынын курулушу аяктаса, 300 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт жана 410 гектар жерге суу берүү жакшырат.

Ал эми Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы Кара-Кыштак Боз каналынын сметалык баасы 401 млн сом болду. Бүгүнкү күндө аталган каналга кошумча дагы 1,5 чакырым ички чарбалык канал куруу иштери жүрүүдө.

Бул сугат каналы аяктаса, 568 гектар жер өздөштүрүлүп, 700 гектар жерге суу берүү жакшырат. Каналдын узундугу — 14,5 чакырым.

Ошондой эле Баткен районунундагы «Р-4» каналын куруу жана сыйымдуулугун көбөйтүү курулушунун жалпы сметалык баасы 500 млн сом болсо, бүгүнкү күндө аткарылган жумуштардын болжолдуу суммасы 347,0 млн сомду түздү. Каналдын жалпы узундугу 46 чакырым болсо, анын 12,4 чакырым аралыктагы эски негизги бөлүгү толук бүткөрүлүп, жаңы каналдын 3950 метр бетондоо иштери, жаңы ички чарбалык каналдын 24600 метр курулушу бүткөрүлдү. Натыйжада каналдын курулушунун биринчи этабы аяктады. Мунун натыйжасында 1500 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт.

Ал эми Лейлек районунун Арка массивине өз нугу менен суу жеткирүү, дюкер куруу үчүн өлкө казынасынан 100 млн сом каралып, азыркы күндө дюкердин суу алуучу курулмасында жана кум топтолуучу жайын куруу иштери жүрүп жатат. Долбоор аяктаса, 2500 гектар жер өздөштүрүлөт жана сугат суу берүү жакшырат. Эң негизгиси суу таңкыс болгон, чек арадагы, эң алыскы Максат айылына суу жетет.

Бул курулуштар 2026-жылга чейинки узак мөөнөттүү стратегиялык мамлекеттик программа боюнча аткарылып жаткан ирригациялык объекттер болуп саналат. Бул программага облустан жалпы 8 ирригациялык курулма кирген. Учурда аткарылып жаткан 4 сугат каналынын курулушуна республикалык бюджеттен жана инвесторлордон этап-этап менен каражат ажыратылып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM