Биз менен байланышыңыз

Орусияда кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы киши колдуу болду

Кыска кабар | 3 Июл 2019 | 945 | 0

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасынын мурдагы башчысы, ишкер Камчыбек Каримовду атып кетишти. Анын жансыз денеси көп кабаттуу үйлөрдүн короосунан табылган. Мындай кабарды E1.RU басылмасы жазды.

Маркумга эки ок тийген. Такталбаган маалыматка ылайык, анын жанындагы сумкада чоң суммадагы акча болгон.

«Каза болгон жаран «Таганский ряд» базарында соода кылган ишкер болгон. Кол салгандар Түндүк Осетиянын мамлекеттик номери тагылган Volkswagen Touareg унаасы менен келишкени аныкталган. Шектүүлөр Камчыбек Каримовду атып өлтүрүшкөндөн кийин унааны да ошол жерге калтырып кетип калышкан», — деп айтылат маалыматтарда.

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, Каримовго эки адам кол салып, адегенде сабашкан, анан 2-3 ирет атышкан. Бир ок ичине, экинчиси бутуна тийген.

Тез жардам кызматы окуя болгон жерге келгени менен өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Учурда жергиликтүү күч органдары тергөө иштерин жүргзүп жатышат.

Copyright © 2017 Maral FM