Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө туристтик милиция иштеп баштады

Коом | 2 Июл 2019 | 600 | 0

Өткөн жылы жергиликтүү жана чет мамлекеттерден Ысык-Көл облусуна келген эс алуучулардын саны 1 млн 20 миӊ адамды түзгөн.  Быйыл бул көрсөткүч андан да өсөрү күтүлүүдө. Анткени, июль айынын башталышы менен пансионаттар толуп, чет элдик коноктордон да алдын ала тапшырыктар түшүп жатат. 

Мурда милиция кызматкерлери орус, кыргыз тилинде иш алып барып келсе, быйыл коргоо органы чет элдик меймандарды жылуу тозуп алып, кандайдыр бир көйгөйү болсо, англис, немис жана түрк тилдеринде да тейлей алышат. Ѳзгөчө кызматка киришкен катардагы милиция кызматкери Султан Таалайбеков мурдагыдан да түйшүктүү, ары жоопкерчиликтүү кызматты аркалаарын сезип жатканын айтып берди.

— Мисалы, бул учурга чейин туристтер жайлоолорго же башка эс алуу жайларга бара жатып, жолду таппай калган учурлар кездешчү. Быйылкы сезондо мындай жагдайлар орун албайт. Ал үчүн биз чет тилин үйрөнүп, туристтерди керектүү дарегине чейин коштоп барганга даярбыз.

Коомдун коопсуздугун сактап, сезонду тынч өткөрүү үчүн жалпы 22 тил билүүчү кызматкер алдын ала тандалып алынган. Алар калк көп жайгашкан Ысык-Көл районундагы  эс алуу жайларында, Кырчын, Каркыра жана Көк-Жайык өңдүү жайлоолордо иш алып барышат. Бул аракет милициянын түйшүгүн бир топ жеӊилдетерин облустук ИИБ башчысы Улан Асанбаев тастыктады.

— Облустагы бардык милиция кызматкерлери чет тилин биле беришпейт. Эс алуу мезгилине карата нечендеген чет элдиктер келет. Бул учурга чейин кыйынчылыкка туш болгон туристтерге котормочу издеп убакыттан утулсак, эми кайрылууларды жеринен чече алабыз. Туристтик милициянын ишке кирүүсү биздин кызматка бир топ жеӊилдик алып келди.

Мындан сырткары, жалпы кылмыштуулуктун алдын алуу үчүн облустун айланасын бир миӊден ашуун тартип сакчысы көзөмөлдөйт. Ал арада 5 районго чет тилинде маалымат берүүчү атайын борборлорду да ишке киргизүү мерчемделген. «Бирок бул жылы маалымат берүүчү жайлар бүтпөйт. Долбоор Жогорку Кеӊештен эми гана ратификацияланды», — деди Ѳкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Дамир Моӊолдоров.

— Маалымат берүүчү борборлордун курулуш иштери кийинки жылдын башында башталат. Бүгүнкү күндө маалымат борборлору кайсыл жерге куруларын, документтештирүү иштерин, сметалык бааларын, жер бөлүүнү аныктап жатабыз. Алар: Балыкчы шаарынын кире беришине, Бөкөнбаев айылына, Жети-Ѳгүз, Каракол, Ысык-Көл райондоруна жана Каркыра жайлоосуна кетчү жолго салынат.

Туристтер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышкандан кийин, туристтик агенттиктер чет элдиктерди кандай маанайда күтүп жаткандарын билип көрдүк. Алардын бири «Nomad Travel» туристтик агенттигинин өкүлү Ардак Осмонов. Ал коопсуздуктан шектенүү жок экенин айтып, «Эми КМШ өлкөлөрү үчүн виза жеӊилдетилсе, сандык көрсөткүч дагы өсмөк», — дейт.

— Быйылкы эс алуу маалы жакшы болот деген үмүттөбүз. Себеби, коопсуздукка жыл сайын жетишерлик деӊгээлде көӊүл бурулат. Бир гана көйгөй туристтерге жакшы шарт түзүү керек. Менимче, КМШ өлкөлөрүнөн келген жарандарга визасыз кирип чыгуу жагын түзүп берсек, көрсөткүчтүн саны дагы да жогоруламак.

Copyright © 2017 Maral FM