Биз менен байланышыңыз

Оштун мэри Чехияда чемпион болгон ата-балага акчалай сыйлык берди

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 375 | 0

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов спорттун жиу-житсу түрү боюнча Чехияда өткөн дүйнө чемпионатынан кош алтын медаль менен кайткан ата-баланы кабыл алды. Бул тууралуу аталган мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Мэр ата-бала бир аренада чемпион болгону өлкө тарыхында биринчи жолу болуп жатканын белгиледи.

«Ата-баланын бир учурда алтын медаль алышы өзгөчө жаңылык болду. Ата-баланын чемпион болушу, Кыргызстандын желегин башка өлкөдө желбиретиши мени кубантты. Алдыдагы мелдештерге ийгилик каалайм», — деди мэр.

Жолугушуунун соңунда, мэр ата-балага акчалай сыйлык тапшырды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 17-18-май күндөрү Чехиянын Прага шаарында 32 өлкөнүн спортчулары катышкан чемпионатта Эрали Аскарбек уулу менен баласы Эржигит экөө алтын медаль, ал эми экинчи уулу күмүш медаль алган.

Эрали Аскарбек уулу Бишкектеги спорт клубдардын биринде машыктыруучу болуп эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM