Connect with us

Бүгүн Дональд Трамптын инаугурациясы болот

Кыска кабар | 20 Янв 2025 | 270 | 0

Бүгүн, 20-январда АКШнын шайланган президенти Дональд Трамптын инаугурациясы болот. Ал АКШнын 47-президенти болуп кызматка киришет. 

АКШнын жергиликтүү маалымат каражаттары Дональд Трамп бир күн мурда Вашингтонго келгенин жазышты. 

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өткөн. Трамп шайлоочулар коллегиясынын зарыл болгон 270тен ашык добушун алып, атаандашы, Демократиялык партиянын талапкери Камала Харристи уткан.

Copyright © 2017 Maral FM