Биз менен байланышыңыз

Ооганстан боюнча жолугушуу 7-8-июлда Катарда өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 565 | 0

Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча кезектеги эл аралык жолугушуу Катардын борбору Доха шаарында 7-8-июлда өтөт. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан боюнча өкүлү Залмай Халилзад өзүнүн Twitter баракчасына жазды.

Жолугушууну Германия уюштуруп, ага  Ооганстандын бийлигинин жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү катыша тургандыгын Ооганстандын президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Хамдулла Мохиб билдиргенин буга чейин ТАСС агенттиги жазган.

Буга чейинки Ооганстандагы абалды жөнгө салуу боюнча эл аралык жолугушуу ушул жылдын май айында Москвада өткөн. Ага Ооганстандын бийлигинин жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү катышкан болчу. Расмий жолугушуу Орусия менен Ооганстандын дипломатиялык мамилеринин жүз жылдыгына арналып уюштурулган.

Copyright © 2017 Maral FM